Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:57

Скрипалдын иши: Британия Орусиянын Чалгын башкармалыгына санкция салды


"Новичокко" ууланып каза болгон Дон Стержесс.
"Новичокко" ууланып каза болгон Дон Стержесс.

Британия Орусиянын Коргоо министрлигине караштуу Башкы чалгын башкармалыгына жана анын 11 кызматкерине каршы жаңы санкцияларды киргизди.

Тиешелүү чечим 2018-жылы Солсбериде аталган башкармалыктын мурдагы офицери Сергей Скрипал менен кызы Юлияны ууландырууга байланыштуу кабыл алынды. Ал окуянын натыйжасында британ жараны Дон Стержесс "Новичок" затына ууланып, каза болгон.

Британ өкмөтү тараткан билдирүүгө ылайык, Скрипалга кол салуу Орусиянын президенти Владимир Путиндин макулдугу менен ишке ашырылган.

Санкцияларга Орусиянын киберчалгын кызматында иштеген сегиз адам кабылды. Тергөөнүн маалыматы боюнча, алар кол салуудан беш жыл мурда Юлия Скрипалга зыяндуу программа аркылуу чабуул жасоого аракеттенишкен.

Башкы чалгын башкармалыгынын дагы үч офицеринин Европада жана Украинада ушул сыяктуу аракеттерди уюштурууга, Украинанын дүкөндөрүндө теракт даярдоого тиешеси бар экени айтылат. Бирок кайсы окуя тууралуу сөз болуп жатканы так көрсөтүлгөн эмес.

Премьер-министр Кир Стармер бул чечимди "агрессия актысына жооп" деп атап, Лондон Украинага колдоосун улантарын билдирди.

4-декабрда Орусиянын Британиядагы элчиси британ ТИМине чакыртылган. Аны Дон Стержесстин өлүмүнө байланышкан тергөө жыйынтыктары менен тааныштырышкан.

Стержесс таанышы таап алган атырдын флаконунадагы суюк затка ууланган. Ал духи катары себинип алган. Кийин анын ичинде нервди шал кылуучу "Новичок" заты бар экени маалым болгон. Ал флаконду Скрипалдарга кол салууга айыпталган Анатолий Чепига менен Александр Мишкин таштап кетишкенин британиялык иликтөөчүлөр аныкташкан.

Москва азырынча бул чечим боюнча комментарий берген жок. Орус бийлиги Скрипалдарга кол салууга жана Стержесстин өлүмүнө тиешеси бардыгы тууралуу айыптарды четке кагып келет.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG