Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:57

Борбор Азия

Тажик-ооган чек арасындагы Дарвоз району
Тажик-ооган чек арасындагы Дарвоз району

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги "Душанбе Ооганстан менен чек араны кайтарууга жардам берүүнү суранып Орусияга кайрылган" деген маалыматты төгүнгө чыгарды. Ноябрдын аягында ооган тараптан жасалган кол салуулардан чек ара аймагында кытайлык жарандар каза тапкан.

Тажик тышкы саясий мекемеси 3-декабрдагы билдирүүсүндө Рейтер агенттиги тараткан маалымат чындыкка дал келбейт деп белгиледи.

Анын алдында агенттик тажик коопсуздук органдарындагы аты аталбаган булактарга таянып, Душанбе Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) алкагында орусиялык аскерлерди Ооганстан менен чек араны кайтарууга тартууну талкуулап жатканын жазган.

Кошуна өлкөнүн ТИМи мындай жалган маалымат таратуу эл аралык коомчулукту жаңылыш ойго жетелегенин кошумчалады.

Билдирүүдө мекеме ошондой эле Тажикстан мамлекеттик чек араны бекемдөө үчүн зарыл чараларды көрүп келгенине токтолду.

“Мамлекеттик чек арадагы кырдаал тынч жана Тажикстандын тиешелүү органдарынын көзөмөлүнө алынган”, - деп айтылат билдирүүдө.

Узундугу 1344 километрди түзгөн тажик-ооган чек арасындагы бейстабилдүүлүк жаңылык болбогону менен ноябрдын аягындагы окуялардан кийин ал алыскы аймак дүйнөлүк маалымат каражаттарынын көңүл чордонуна чыкты.

Тажикстандын атайын кызматы 30-ноябрдын кечинде Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун Дарвоз районунда чек аранын аркы жагындагы Рузваяк айылынан келген куралчан топ China Road жана Bridge Corporation жол куруу компаниясынын жумушчуларына ок ачканын билдирген. Натыйжада кытайлык эки жумушчу каза тапкан, дагы экөө жараланган.

Afghanistan International басылмасы чабуулга талибдердин чек ара кызматынын бөлүгүнүн тиешеси болушу ыктымал деп жазды. Кол салуунун себеби белгисиз бойдон калууда.

Тажикстандын коопсуздук кызматы «террордук аракет» деп мүнөздөгөн ушундай эле окуя 26-ноябрга караган түнү болгон. Хатлон облусунун Шамсиддин Шохин районундагы алтын комбинатынын аймагына ооган тараптан жасалган чабуулда Кытайдын үч жараны каза тапкан, бирөө оор жаракат алган.

Тажикстандын бийлиги тараткан маалыматка караганда, кол салгандар кенчилер жашаган жайды ок атуучу курал жана жардыруучу зат менен жабдылган дрон менен бутага алышкан.

1-декабрда Бээжин ал өлкөдөгү өз жарандарын чек ара аймагынан тез чыгып кетүүгө чакырган.

2010-жылдан бери Кытай Тажикстандын ири соода өнөктөшүнө, чет элдик инвесторго жана кредиторго айланган. Душанбенин сырткы карызынын жарымынан көбү Бээжинге туура келет. Жаңы жолдорду куруп, телекоммуникация, айыл чарба жана тоо-кен тармактарына инвестиция салып келаткан Кытай тажик экономикасында алдыңкы орунду ээледи.

Ооганстан боюнча эксперт Гаус Жанбаздын пикиринде, сөз болгон окуялар талибдердин аброюна көлөкө түшүрөт:

“Албетте, бул өз аба мейкиндигиндеги жана чек арадагы кырдаалды көзөмөлдөй албаган “Талибандын” аброюна сокку урган кезектеги окуя болуп калды. Бул анын алсыздыгын көргөзөт”.

2021-жылы Ооганстандагы бийликти “Талибан” кыймылы басып алгандан бери Душанбе менен Кабул куралчан топторго башпаанек бергени үчүн бири-бирин айыптап келатышат. Кошуна өлкөлөрдүн арасынан жалгыз Тажикстан талибдердин бийликке кайтуусуна каршы оюн билдирип, топту регионалдык коопсуздукка жаралган коркунуч деп сыпаттайт.

Өткөн аптада “Талибан” башкарган өкмөт аты аталбаган согушкер топту кырдаалды курчутуп жатат деп айыптап, ал окуяны териштирүүдө тажик өкмөтү менен кызматташууга даярдыгын айтты.

Кытайлык жумушчуларга кол салуудан кийин "Талибандын" тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки абалды тажик башкы дипломаты Сирожиддин Мухриддин менен талкуулаганын Х социалдык тармагына жазды. Анын айтымында, акыркы мезгилде эки өлкө ортосунда өз ара ишеним маанайы орноду, бирок кайсы бир күчтөр “ал оң жараянга бут тосууну көздөйт”.

Медианын маалыматына ылайык, тажикстандык тергөөчүлөргө ооган аймагына кирүүсүнө уруксат беришти, кылмышка шектелген эки кишини кармап Кабулга жеткиришти.

Кытайдын жарандарынын коопсуздугуна жаралган коркунуч тажик президенти Эмомали Рахмонду кыйын абалга кептеди.

1-декабрда мамлекет башчы күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен чек ара аймагындагы абалды талкуулап, чабуулдардын кайталанышын алдын алууну талап кылды.

Расмий маалыматка караганда, президент «ооган жарандарынын чагымчыл жана мыйзамсыз аракеттерин катуу айыптады» жана тиешелүү мекемелерге кырдаалды жөнгө салуу тапшырмасын берди.

Тажик башкалаасынын сыртында Орусиянын базасы жайгашканын айта кетүү зарыл. Орусиялык аскерлер буга чейин Тажикстан–Ооганстан чек арасын кайтарып, 2005-жылдан тартып Душанбе ал ишти өз алдынча жүргүзүүдө.

Тажик бийлиги ошондой эле Кытай менен чек арадагы бир нече заставаны Бээжин менен биргелешип башкарууга уруксат берген.

ЖККУ “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун комментарий берүү өтүнүчүнө жооп берген жок.

Буга чейин орус бийлиги башка дагы бир катар платформаларды бөгөттөгөн. Бул жагдай борбор азиялык мигранттардын баарына маселе жаратууда. Тажикстан буга альернатива катары өзүнүн алгачкы улуттук ORIZ мессенжерин сунуштады.

Москвада иштеген Жакшылыктын Кыргызстандагы балдарына жөнөткөн аудио билдирүүсүнүн сапаты аябай начар келди. Уккан киши сөз эмне тууралуу болуп жатканын түшүнбөйт. Акыркы учурда Орусияда WhatsApp менен байланышуу мүмкүн болбой жатат. Мигранттар аны VPN аркылуу гана колдонуп келишсе, акыркы күндөрү ал дагы жакшы иштебей, көйгөй жаратып жатканын айтышууда.

Жакшылык Кыргызстанда калган үй-бүлөсү менен кенен-кесир сүйлөшө албай калганын айтып берди.

"Интернет толук кандуу иштебейт. WhatsApp аркылуу Кыргызстан менен байланышуу оор болуп жатат, чектөө коюп койгонбу, мурдагыдай иштебейт. Байланыш начар, атайын тиркеме, VPN менен кирсең болот, ошондо деле үйдөгүлөр менен байланышуу кыйын болуп калды. Азыр жыл аягы болуп отчет дагы беришеби, текшерүү кайра күчөгөн. Документиң жайында болсо деле сөзсүз полиция бөлүмүнө алып барып ошол жактан текшерип жатsiат".

Бул көйгөй бир эле Москвада эмес Орусиянын башка аймактарында дагы бар. Якутияда эмгектенген Дамир Кыргызстандагы туугандары WhatsApp аркылуу жиберген кабарды үч күндөн кийин гана окуганын билдирди:

"WhatsApp жакшы иштебей жатат. Келген билдирүүлөрдү мен окуй албай жатам, ачылбай жатат. Мен жибергендер айланып эле жетпейт. МАХ деген мессенжер ачылып, Кыргызстанда дагы, КМШ өлкөлөрүнө дагы уруксат бериптир го колдонууга. Ошондон сүйлөшө дагы, видео байланыш дагы болот. Андан сырткары Кыргызстан менен IMO деген аркылуу дагы сүйлөшүп жатабыз. WhatsApp болбой калды, бара-бара жоголот окшойт. Бирок Орусиянын ичинде деле бири-бирибиз менен байланыш жакшы болбой, МАХ аркылуу байланыша албай жатабыз", - деди биз менен сүйлөшкөн мекендешибиз.

Биз баарлашкан бир топ кыргызстандыктар видео эмес, аудио чалуулар кетпей, жиберген билдирүүлөрү айланып ачпай жатат деп даттанышууда.

Мигранттар эле эмес, Кыргызстандагы ишкерлер дагы Орусия менен дал ушул платформа, WhatsApp аркылуу байланышат. Бул өлкө менен соода-сатык алакасы бар ишкерлер акыркы апта кардарларынан кабар ала албай атат. Алардын бири тигүү цехин иштеткен Венера:

"Байланыш аябай эле начар. Кардарлар өздөрү дагы WhatsApp иштебей жатканын айтышты. Чалсак алышпайт. Биздин кардарлардын бардыгы эле Орусияда да. Телефон аркылуу сүйлөшкөнгө туура келип атат, андайда жакшылап сүйлөшүп, ишти талкуулай албайт экенсиң. Ошондо деле сапаты начар, улам үзүлүп, жакшы угулбай калып жатат. Москвадагылар эки күндөн бери такыр эле иштебей калганын айтып жатышат".

Сиренгүл деген ишкер учурда VPN менен деле месенжер иштебей жатканын маалымдады.

"Чын эле байланыш начар, мурда VPN менен жакшы эле болчу. Азыр аны менен деле мүмкүн болбой жатат. Москвадагы курбуларым бири-бири менен байланышуу деле кыйын болуп калганын айтышууда. Менде жума күндөн бери байланыш жок. Бири текст түрүндө гана "бизде иштебей жатат" деп жазды".

Өткөн аптанын соңунда Орусиянын Роскомнадзор мекемеси WhatsApp толук жабыла турганын айткан. Буга аталган мессенжер орус мыйзамдарын бузууну улантып жатат деген жүйө келтирилген.

"Мессенжер өлкө аймагында террористтик аракеттерди уюштурууга, жасоого, аларды аткаруучуларды азгырууга, алдамчылык жана ушул сыяктуу кылмыштарды жүзөгө ашырууда колдонулуп, биздин жарандарды тартып жатат", - деп билдирген Роскомнадзор.

Аталган мекеме WhatsApp мыйзам талаптарды аткарбаса, Орусияда толугу менен жабыларын эскерткен жана анын колдонуучуларын улуттук кызматтарга өтүүгө чакырган.

Мамлекеттик Думанын депутаты Антон Грелкин WhatsApp "дипломатиялык сүйлөшүүлөр ачыкка чыгып кеткени үчүн" бөгөттөлүп жатканын билдирген.

"Менин маалыматым боюнча WhatsApp'ка каршы чараларды тездетүүнүн кошумча (бирок маанилүү) триггери жакында эле ачыкка чыгып кеткен дипломатиялык сүйлөшүүлөр болду. Мессенжердин ээлери анын мыйзамсыз максаттарда колдонулушуна көз жумуп эле тим болбостон, өздөрү да активдүү катышууда деген корутундуга келдик", - деген ал.

Өткөн аптада Bloomberg Владимир Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков менен АКШ президенти Дональд Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф менен орус президентинин атайын өкүлү Кирилл Дмитриевдин ыктымал сүйлөшүүлөрүн жарыялаган.

Буга улай эле Орусия мобилдик интернетти бөгөттөө уланып жатканын Свобода радиосу жазды. Маалыматка караганда, 56 аймакта шатдаун тууралуу кабарланды, 47 дубанда мобилдик интернетти өчүрүү менен катар "ак тизме" ыкмасы колдонулууда.

Орусиянын Сургут шаарында жашап, иштеген мекендешибиз Алтынбек буларды айтып берди:

"Оңой жашоо болбой жатат, Украина менен кандай болуп жатканын көрүп жатасыздар. Ошондуктан коопсуздук үчүн стратегиялык объектилер, ири шаарларда улам жылып, интернет бөгөттөлүп жатат. Мурда Сургутта жок эле, азыр бизде дагы ошондой болуп жатат. Азыр видеобайланыш жок Кыргызстан менен, аудиочалуулар дагы жетпейт. VPN аркылуу киргенде гана келет, ошондо деле сапаты начар. Видеолор жакшы көрүнбөйт, катып калат. Айрыкча кыргыздар буга көнүп калган үчүн жашоо татаалдашып, жакындары менен байланыштуу кыйын эле болуп атат", - деди ал.

2026-жылдын 1-мартынан тарта Роскомнадзор, Санариптик өнүктүрүү, байланыш жана массалык маалымат министрлиги жана Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) "коркунучтардан коргоо үчүн" интернетти башкаруу боюнча жаңы ыйгарым укуктарды алышат. Жаңы эрежелер 2032-жылдын 1-мартына чейин күчүндө болот.



Бул көрүнүш Орусияда эмгектенген борборазиялык мигранттардын баарына маселе жаратууда. Мисалы, Тажикстан өзүнүн алгачкы улуттук ORIZ мессенжерин түздү. Бул чалуулар, сүйлөшүү жана видеоконференцияларга ылайыктуу тиркеме экенин өлкөнүн Байланыш кызматы билдирди. Аталган мекеме ал өзгөчө алыскы аймактар, айрыкча чет жактагы мигранттар үчүн маанилүү экенин белгилеген.

Орусияда быйыл августта WhatsApp жана Telegram мессенжерлери аркылуу чалуулар бөгөттөлгөн. Ошондон бери орусиялыктар, анын ичинде мигранттар аны кошумча VPN тиркемеси аркылуу колдонуп келишкен.

Роскомнадзор сөз болуп жаткан мессенжерлер аркылуу “чалуулардын жарым-жартылай бөгөттөлүшүн” кылмыштуулукка каршы чара катары түшүндүргөн. Бул өлкөдөгү көз карандысыз айрым маалымат каражаттар бул массенжер аркылуу чалууларга бөгөттөөнү Орусиянын жогорку жетекчилиги кабыл алганын өз булактарына таянып жазышкан. Мындай чечим телефон чалуулары азайгандан улам жылдан-жылга кирешеси төмөндөп жаткан орусиялык уюлдук операторлордун шыкагы менен кабыл алынышы мүмкүн экени болжолдонгон.

"Вёрстка" басылмасы WhatsApp'тын Орусиядагы бир айлык аудиториясы 97,5 миллион болсо, Telegram'дыкы 90 миллиондон ашык экенин жазган. Бул Орусиянын калкынын көпчүлүк бөлүгүн түзөт. Орус бийлиги бул мессенжерлерди бөгөттөп, MAX деп аталган мамлекеттик тиркемени жайылтууну көздөп жатканы кабарланган.

Дагы жүктөңүз

 

XS
SM
MD
LG