Казакстанда анонимдүү колдонуучуларга чара көрүү сунушталууда

Иллюстративдик сүрөт.

Казакстанда Маданият жана маалымат министрлиги интернет-платформаларды жана алардын колдонуучуларын жөнгө салууну күчөткөн мыйзам долбоорун сунуштады. Долбоор “Ачык нормативдик-укуктук актылар” порталында жарыяланды. Анда сервистер жана алардын аудиториясы үчүн жаңы талаптар каралган.

Долбоордун түшүндүрмөсүнө ылайык, Казакстанда иштеген онлайн-платформалардын негиздөөчүлөрү өлкөдө расмий өкүлчүлүк ачып, улуттук мыйзамга ылайык катталууга милдеттүү.

Эң ири өзгөртүүлөрдү “Онлайн-платформалар жана онлайн жарнама тууралуу” мыйзамга киргизүү сунушталган.

Долбоордо балдарды зыян маалыматтан коргоого багытталган жаңы беренелер бар. Ага ылайык, 16 жашка толо элек колдонуучуларга ыкчам кат алмашуу кызматынан (мессенжер, What's app) башка онлайн-платформаларда катталууга тыюу салынат.

Анонимдүү колдонуучуларга да өзгөчө көңүл бурулган. Эгерде мындай аккаунттун беш миңден ашуун катталуучусу болсо, анын ээси тиешелүү органдарга тек-жайын тастыктаган маалыматты көрсөтүүгө милдеттүү болот.

Маалымат берүүдөн баш тарткандар административдик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

Долбоорго ылайык, мамлекеттин буйругу менен “мыйзамга каршы контентти” алып салбаган онлайн-платформаларга да айып пул каралган. Айрым учурда бийлик платформанын ишин чектей алат.

Ошондой эле Административдик кодекске жеке адамдардын сүрөтүн макулдугу жок жарыялаган же тараткандарга айып пул салуу тууралуу пункт киргизилүү пландалууда.

Долбоор азыр талкууланып жатат. Эгер өзгөртүүлөр кабыл алынса, интернет-платформалар жана ири анонимдүү аккаунттар биринчи жолу каттоодон өтүүгө милдеттүү болот.

Дагы караңыз

ДССУ Кыргызстанда балдарды эмдетүүгө каршы болгон себептерди изилдеп жататӨзбекстанда үч жылда чет жактагы согушка катышуу боюнча 338 кылмыш иши козголдуТИМ: Кореяда мыйзамсыз жүргөн кыргыз жарандары өз ыктыяры менен жазасыз чыгып кете алат