Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

"Мунаса табыла элек". Кремлде Украина боюнча АКШ–Орусия сүйлөшүүлөрү өттү

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

18:25

Украинанын АКШдагы элчиси Ольга Стефанишина Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Рустем Умеров бейшембиде Флоридада Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамптын чабарманы Стив Уиткофф менен жолугарын ырастады.

Мунун алдында бир катар Батыш басылмалары Уиткоффтун орус президенти Владимир Путин менен жолугушуусунун жыйынтыгын талкуулоо үчүн Умеров 4-декабрда АКШга келерин жазышкан.

Стефанишина украиналык "Суспільне" коомдук каналына берген комментарийинде жалпы сүйлөшүүлөрдө жылыш деле болбогону менен процесс уланып жатканын айткан.

"Рустем Умеров америкалык жана европалык өнөктөштөр менен сүйлөшүү жүргүзүп жаткан делегациянын башчысы, ал бейшембиде АКШга учуп келет жана бул жактагы делегация менен дагы сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Ошондон кийин гана кандайдыр бир жыйынтык чыгарса болот",-деген элчи.

Владимир Путин 2-декабрда Москвада АКШнын президенти Дональд Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф жана күйөө баласы Жаред Кушнер баштаган америкалык делегация менен жолуккан. Жергиликтүү басылмалар Орусиянын Украинага каршы согушун токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөр дээрлик беш саатка созулганын, Уиткофф жолугушуудан кийин АКШнын Москвадагы элчилигине жөнөп кеткенин жазышкан.

Эки тарап тең жолугушуунун чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат берген эмес.


ТАСС маалымат агенттиги бул сүйлөшүүлөргө катышкан Путиндин кеңешчиси Юрий Ушаковдун комментарийин жарыялаган. Анда Кремлдин өкүлү аймактык маселеге байланыштуу орток пикир табылбаганын билдирген.

Өткөн айда Вашингтон 28 жободон турган "тынчтык планын" сунуш кылгандан кийин Киев жана анын Европадагы өнөктөштөрү өз долбоорун чукул иштеп чыгууга киришкен. Байкоочулар Ак үйдүн планы Орусиянын кызыкчылыгын жактап түзүлгөнүн белгилешет. Айрым украиналыктар ал документти төрт жылдык согуштан кийин "душманга багынып берүү" катары кабыл алган.


18:24

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясы Орусиядан украиналык балдарды тез арада жана коопсуз шартта, эч кандай кошумча аракетсиз кайтарып берүүсүн талап кылган резолюция кабыл алды. Документти жыйынга катышкан 91 өлкөнүн өкүлдөрү колдоп, 12си каршы добуш берди. Калган 57 мамлекеттин өкүлдөрү добуш берген жок.

Каршы болгондордун арасында Орусиядан сырткары Беларус, Буркина-Фасо, Бурунди, Куба, Түндүк Корея, Эритрея, Иран, Мали, Никарагуа, Нигерия жана Судан бар.

Украина Орусия ага каршы согуш баштагандан бери кеминде 20 миңдей баланы мажбурлап алып кеткенин билдирип келет. Киев ушул күнгө карата алардын 1850сүн кайра мекенине кайтарган.


Украинанын оккупацияланган аймактарынан балдар Орусияга мыйзамсыз депортацияланганы үчүн Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту 2023-жылы мартта Владимир Путин менен Орусиянын балдар омбудсмени Мария Львова-Белованы камакка алууга ордер берген.

Кремль дооматтарды четке каккан.

15:04 3.12.2025

Америкалык чабармандар Стивен Уиткофф жана Жаред Кушнердин Орусия президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүсү 2-декабрда кечинде аяктады. Маалым болгондой, сүйлөшүү беш саатка жакын созулду.

Уиткофф менен Кушнер сүйлөшүүдөн кийин АКШнын Москвадагы элчилигине барып, кийин аэропортко бет алган. Алар Орусиядан чыгып кеткени, Европага токтобостон түз эле АКШга учканы кабарланды.

Путиндин атайын өкүлү Кирилл Дмитриев Х социалдык тармагына “сүйлөшүү жемиштүү болду” деп жазды.

Жолугушууда Украинадагы согушту токтотуунун жаңы версиясы талкууланды.

Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков: “Украина боюнча планда толук мунаса табыла элек, америкалык тараптын айрым сунуштары менен Орусия макул, айрымдары туура келбейт”, - деп айтып, “АКШнын тынчтык планы боюнча конкреттүү маселе талкууланбаганын” белгиледи. Ал ошондой эле “аймактар маселеси тууралуу сөз болгонун” тактаган.

Уиткофф жолугушуу бүтөрү менен дароо АКШ элчилигине кеткен жана журналисттерге эч кандай маалымат берген эмес.

Путиндин жардамчысы Ушаков “пайдалуу талкуу” болгонун, тынчтык планы боюнча азырынча “мунаса табылган вариант” жок экенин айткан.

“Кайсы бири менен макулбуз. Айрымдары сынга кабылды”, - деди ал АКШнын тынчтык планы тууралуу айтып жатып. Анын сөзүнө караганда тараптар “чечимдин конкреттүү вариантын эмес, негизин талкуулашкан”. Ушаков сүйлөшүүдө аймактарга байланышкан маселе сүйлөшүлгөнүн ырастады.

Путиндин жардамчысы Москва баштапкы 28 пункттан турган пландан тышкары дагы төрт документ алганын жана америкалык тарап менен кызматташууну улантууга даяр экенин белгиледи.

Эгер сүйлөшүүлөр жемиштүү жүрсө, Трамп менен Путиндин кайра жолугушуусуна шарт түзүлөт. Ушаковдун билдирүүсүндө, жолугушууда АКШ менен Орусиянын экономикалык кызматташтыгынын келечеги да талкууланган.

“Бул сүйлөшүүлөр Украинадагы тынчтыкка жакындадыбы же алыстап кеттиби?” деген суроого Ушаков: “Алыстабаганы анык”, - деп жооп берди. Ал ошондой эле сүйлөшүү жабык жана купуя мүнөздө болгону үчүн тараптар аны ачыкка чыгарбоону макулдашканын тактады. Америкалык тарап жолугушуу тууралуу маалымат бере элек.

Путин америкалык өкүлдөр менен жолугушуунун алдында ВТБ инвестициялык форумундагы кайрылуусунда “Украинаны деңизден бөлүп саларын” айтып, “Киевдин Кара деңиздеги танкерлерге соккусуна жооп катары украиналык портторго жана кемелерге соккулар күчөтүлөт” деди.

Путин согуш талаасындагы кырдаал тууралуу айтып, Донецк облусундагы Покровск аймагы толугу менен Орусиянын көзөмөлүндө экенин билдирди. Украинанын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы бул маалыматты четке каккан.

11:28 3.12.2025

Кремлде Орусиянын жана АКШнын Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүсү өттү, дээрлик беш саат созулган жолугушуу 3-декабрда саат 00:30га жакын аяктады. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары билдиришти.

Орусия тараптан жолугушууга президент Владимир Путин, анын жардамчысы Юрий Ушаков жана орус президентинин атайын өкүлү Кирилл Дмитриев катышты.

Кошмо Штаттар тараптан президенттин атайын чабарманы Стивен Уиткофф жана Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер катышты.

Ушаков жолугушуунун жыйынтыгында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Украина боюнча пландын бир нече варианты каралганын, Москва колуна АКШнын эң баштапкы "тынчтык планынан" тышкары дагы төрт документ алганын айтты. Ал ошондой эле Владимир Путин Вашингтондун "айрым сунуштарына карата сын, жада калса терс көз карашын" жашырбаганын, жолугушууда "конкреттүү түрдө аймактык маселелер" талкууланганын кошумчалады.

"Азырынча компромисс вариант табыла элек. Бирок америкалык айрым сунуштар анча-мынча болсо да ылайыктуудай көрүнүүдө. Аларды, бирок, талкуулаш керек. Сунушталган айрым формулировкалар бизге туура келбейт. Башкача айтканда, иш дагы уланат", - деди Ушаков.

Жолугушууну жалпысынан ал "пайдалуу, конструктивдүү жана мазмундуу" деп атады.

Журналисттин бул сүйлөшүүдөн кийин Украина үчүн тынчтык жакындадыбы же, тескерисинче, алыстабыды деген суроосуна ал:

"Алыстаган жок, бул анык. Бирок Вашингтондо да, Москвада да дагы көп иш жасалышы керек болот", - деп жооп берди.

Ушаковдун айтымында, жолугушуу "таптакыр жабык жана купуя" өттү жана анын мазмунун өзүлөрү да, америкалыктар да ачыктабайт.

Украин президенти Владимир Зеленский Москвада жогорудагы жолугушуу өтүп жаткан учурда Telegram каналына согушту токтотуу шарттары тууралуу оңой чечимге үмүт деле артпаганын жазып, эми Киев АКШдан "сигналдарды күтөрүн, кийинки кадамдар ошол сигналдарга жараша болорун жазды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG